Автобус көпүрөдөн кулап, 19 киши каза тапты. Забайкальедеги видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин каза болгондордун саны 15 адам деген маалыматтар тараган. Кийин ал өсүп, 19 кишиге жеткендигин айтышты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россияда Чита — Сретенск автокаттамындагы автобус көпүрөдөн кулап, анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн ичинен 19 киши каза болду. Бул туурасында Sputnik радиосу билдирди.

Кырсыктын видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Кырсык бүгүн, 1-декабрда, Куэнга көпүрөсүнүн үстүндөгү музга кулап түшкөндүгүн журналисттерге Забайкалье аймагынын губернатору билдирген.

Kia Grandbird үлгүсүндөгү автобус Чита — Сретенск каттамы менен кетип баратып, Сретенск шаарынан 60 чакырым аралыкта жол кырсыгына учураган.

Окуя болгон жерге эки тик учак чыгып, андан сырткары, аталган аймактын губернатору Александр Осипов барды. Факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин каза болгондордун саны 15ке жетти деген маалыматтар тараган. Кийин ал өсүп, 19 адам деп билдиришти. Ал эми жаракат алгандардын саны 21 киши экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0