24 жылдан берки Кумтөрдөгү кырсыктар. Тик учак кулап, жер алдында калып...

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүМассовые беспорядки в Киргизии
Массовые беспорядки в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын 1-декабрында алтын казылган Кумтөр кенинде кырсык болуп, эки адам бир нече метрлеген тоо тектин алдында калды. Кыргызстандык жарандарды учурда ӨКМдин 90дон ашуун куткаруучусу баштаган күчтөр издеп жатканы менен азырынча жыйынтык бере элек.

Буга чейин да аталган кенде бир нече адамдын өмүрү кыйылган фактылар катталган. Sputnik Кыргызстан Кумтөр кенинде кишилер каза болгон жана коомчулукту түйшөлдүргөн кырсыктарды тизмектеп чыкты.

15 киши түшкөн тик учактын кулашы

1995-жылы 4-октябрда Кумтөрдөн Бишкекке чыккан тик учак кырсыктап, Ысык-Көлдүн тоолоруна кулап түшкөн. Экипаж байланышка чыкпай калганда аны издеп, Барскоондун ашуусунан аба техникасын табышкан. Тилекке каршы, экипаждын үч мүчөсү жана 12 киши каза болгон.

Дарыяга цианид төгүлгөндө...

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
4 баланын атасы... Кумтөрдө изделип жаткандар тууралуу маалымат айтылды
1998-жылдын 20-майында Кумтөрдүн тарыхында эң чатактуу жана кырсыктуу иш болгон. Натрий цианидин тартып бара жаткан жүк ташуучу ири автоунаа зыяндуу зат менен кошо Барскоон дарыясына кулаган. Ал жердеги беш миңге жакын элди коопсуз жайга көчүрүшкөн. Кийин адистер аталган элементтин кишиге зыяны аз деген жыйынтык чыгарып берген. Медиктер текшерүүлөрдөн кийин ал элдин ден соолугуна терс таасир тийгизбегендигин айтышкан.

25 жаштагы жумушчу көчкү алдында калган

2002-жылдын 8-июлунда Кумтөрдө тосмо жылып, көчкү жүргөн. Анын кесепетинен тоо мастеринин 25 жаштагы жардамчысы каза болгон. Маркумдун сөөгү бир жылдан кийин табылганы маалым.

Ишке кедергисин тийгизген иш таштоо

2006-жылы 20-декабрдан 22-декабрга чейин ишканадагы иш толугу менен токтогон. Себеби жумушчулар аларга бийик тоолуу шарт үчүн айлыгына акы төлөнбөгөнүн айтып, иш ташташкан. Аягында алардын мүдөөсү аткарылган.

Бычак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Кумтөрдүн" кызматкери бычакталды. Окуянын чоо-жайы
2010-жылы дагы иш таштоо болгон. Ишкана 1-октябрдан 10-октябрга чейин иштеген эмес. Кызматкерлер айлык акыны 40-50 пайызга чейин көбөйтүүнү талап кылганы менен жетекчилик 10-12 пайыз гана көтөрө аларын айткан, бирок жыйынтыгында кызматкерлердин маянасы 50 пайызга жогорулаган.

Маянасынан камсыздандыруу төлөмдөрү туура эмес кармалып келгенин билген жумушчулар 2012-жылы февралда кайрадан иш ташташкан. Бул келишпестик 10 күндүн ичинде ордуна келген.

Саруулуктардын митинги

2013-жылы майда Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын тургундары Кумтөрдү улутташтыруу талабын коюп, митингге чыгышкан. Чогулган эл кенге кеткен жолду тосууга аракет кылышкан. Милиция айрым митингчилерди кармашкан. Бир жылдан кийин компания айылдагы мектептин спорт залын оңдоп, акчасын бөлүп берген.

Таш майдалачу аппаратка түшүп кеткен

2016-жылы январда кызматкер этиятсыздыктан таш майдалаган аппаратка түшүп кеткен. Компания окуя тууралуу маркумдун үй-бүлөсүн жана коомчулукту дароо маалымдап, кечирим сураган.

Чучук чуусу

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил комбинат рудника Кумтор - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев "Кумтөргө" барып, уулуу калдыктар сакталган жайды көрдү. Сүрөттөр
2017-жыл чү дегенде эле ызы-чуу менен башталды: Кумтөрдүн Майкл Макфит аттуу кызматкери соцтармакка пост жарыялап, кыргыздын улуттук тамагы чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө теңеген сөз жазган. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, улуттук, расалык жана диний кастыкты козгогондугу үчүн кылмыш иши да козголгон. Натыйжада чет элдик жаран кыргызстандыктардан кечирим сурап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Унаа карайм деп...

2017-жылдын апрелинде 29 жаштагы механик жеңил автоунааны кароо учурунда көз жумган. Жумушчу ооруканага жетпей үзүлгөн. Ишкана маркумдун жакындарына көңүл айткан.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан Кумтөр кенинен 1997-жылдан 2018-жылга чейин 350 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлдү. 2017-жылы казып алынган алтындын көлөмү 17 тоннага жетсе, былтыр 16 тоннадай болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0