Лейлектеги жергиликтүү кеңештин төрагасы Тажикстан аймагынан кырсыктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЛоготип автомобильной марки Lexus японской корпорациии Toyota Motors
Логотип автомобильной марки Lexus японской корпорациии Toyota Motors - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кыдыр Айбалаев жол кырсыгына кабылды. Ал Тажикстандын аймагында Opel унаасын айдап бара жаткан тажик жараны менен кагышкан.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кыдыр Айбалаев Lexus LX570 унаасын айдап баратып Тажикстан аймагынан кырсыкка кабылган. Ал Opel унаасы менен сүзүшкөн. Кырсык болгонун Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов тастыктап, учурда бейтаптын абалы туруктуу экенин маалымдады.

Учурда эки жабырлануучу тең Согди облусунун Канибадам шаарындагы ооруканада дарыланууда.

"Кыдыр Айбалаевдин абалы туруктуу, кечинде эле телефон аркылуу сүйлөшүп, ден соолугун сурадым", — деди Баймуратов.

Кырсыктын себептери аныкталып, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0