Ноокатта аял инспектор 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Видео

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, буга чейин жабыркаган жаран УКМКга аталган инспектор пара талап кылып жатканын айтып кайрылган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Ноокат районунан Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Арыздануучу жол эрежесин бузгандыгы үчүн К.З. аттуу инспектор андан 2 миң сом алып, дагы 8 миң сом пара талап кылып жатканын билдирген. Ошондой эле паспортун дагы алып койгонун маалымдаган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча каттоого алынган.

Бүгүн, 3-декабрда, ыкчам-тергөө аракеттеринин алкагында милициянын старшинасы К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен колго түштү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0