Кыргызстандын жана Россиянын Ички иштер министрликтери жардам сурап үнүн жаздырган кызды табышты

Органга уурдалды делген 16 жаштагы кыргызстандык кыз табылды

3161
(жаңыланган 17:14 03.12.2019)
Октябрь айында WhatsApp-каналы аркылуу аудио-жазылма тараган. Белгисиз кыз бейтааныш адамдар анын органдарын трансплантациялоого камынып жатышканын айтып, жардам сураган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жана Россиянын Ички иштер министрликтери жардам сурап үнүн жаздырган кызды табышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Мындай аудио ушул жылдын октябрь айында WhatsApp-каналы аркылуу коомчулукка тараган. 16 жаштагы кыз Россиянын аймагында белгисиз жерде кармалып турганын жана бейтааныш адамдар анын органдарын трансплантациялоого камынып жатышканын айткан.

Факты эки мамлекеттин укук коргоо органдары тарабынан каттоого алынган. Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Адам сатуу") боюнча иш козголгон. Ошондой эле окуяны Россиянын ИИМи менен элчилик көзөмөлгө алган.

Укук коргоо органдары Москвада жашаган кыздын ата-энесин табышкан. Натыйжада бийкеч Ошто төрөлгөнү, жашы 16да экени белгилүү болгон. Анын ата-энеси төбө чачты тик тургузган маалыматты алгандан кийин аны WhatsApp-каналына таратып, полицияга кайрылышкан. Бирок кийин ал кыз калп айтып койгону аныкталды.

"Кыздын айтымында, ал үйүнөн өз каалоосу менен чыгып кеткен жана кайда жүргөндүгүн ата-энесине айткысы келчү эмес. Ошондуктан аларды адаштырып, түрдүү нерселерди айта берген. Аныгында анын укуктары бузулбаптыр. Бийкеч өзүнүн мындай жоругун ата-энесинен бөлөк жашагысы келгендиги менен түшүндүрдү. Ал мындай билдирүү коомчулукту дүрбөлөңгө салат деп ойлобоптур. Ата-энесинин айтымында, кыз көп учурда кичүү инисин карап үйдө калчу", — дешти министрликтен.

Кызга жана анын ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнөн акыркы кезде социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтар арбын тарап жатканын белгилешти. Ошондой эле өкүлчүлүк кылмыш тууралуу далилсиз, туура эмес маалымат тараткандарга жоопкерчилик каралганын эскертти.

3161
Белгилер:
социалдык тармак, жалган маалымат, ИИМ
Тема боюнча
Бишкек: аялды уурдап, үч күн камап отурду деп шектелген киши кармалды. Сүрөт
Жалал-Абад: ишкерди уурдап, 20 миң доллар талап кылган киши кармалды. Сүрөт