Ош. Архивдик сүрөт

Ошто жер титиреди

252
(жаңыланган 17:36 03.12.2019)
Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылында эки баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрда, саат 16:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Маалыматка караганда, жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылында эки баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

252
Белгилер:
Ош, ӨКМ, Жер титирөө
Тема боюнча
Түркияда жер титиреп, мечиттин мунарасы урап калды. Видео