ӨКМ: Бишкектин абасы тазарды

Жазылуу
Борбор калаанын түрдүү бийиктиктериндеги шамал абадагы кирдетүүчү заттардын тарап жок болушуна шарт түздү.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-декабрга карата Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын абалы тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге караганда, 3-4-декабрда борбор калаада аба массасы алмашып, түрдүү бийиктиктерде шамал байкалган. Анын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткени айтылды.

"Мындай метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын тарап жок болушуна себеп болду. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалууда", — дешти ӨКМден.
  • CO – 10,3 микрограмм/м3 (чектүү деӊгээли - 5 мкг/м3)
  • NO – 86,3 микрограмм/м3 (чектүү деӊгээли - 400 мкг/м3)
  • NO2 – 48,9 микрограмм/м3 (чектүү деӊгээли - 85 мкг/м3)
  • SO2 – 49,2 микрограмм/м3 (чектүү деӊгээли - 500 мкг/м3)
  • PМ2.5 – 13 микрограмм/м3 (чектүү деӊгээли - 160 мкг/м3)

Майда катуу бөлүкчөлөрдүн (PМ2.5) абадагы кармалышы кескин түрдө азайган. Эгер ноябрдын акыркы үч күнүндө бул заттын кармалышы 440-448 мкг/метр кубга чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/метр кубду түзүп, 34 эсеге төмөндөгөнү көрүнүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0