Өрт кызматкери. Архивдик сүрөт

Бишкектин жанында эки кабаттуу үй күйүп жатат. Видео

80
(жаңыланган 10:23 05.12.2019)
Аламүдүн районундагы үйдөн чыккан тилсиз жоону эки өрт өчүрүүчү бригада өчүрүп жатат. Кырсык тууралуу маалымат эки саат мурда түшкөн.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкектин жанындагы Маевка айылында эки кабаттуу үй күйүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуянын видеосу "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлгөн.

ӨКМге тилсиз жоо тууралуу маалымат 07:26да келип түшкөн. Жеринде эки өрт өчүрүү бригадасы иштеп жатат.

80
Белгилер:
үй, өчүрүү, Өрт, ӨКМ, Маевка айылы, Бишкек
Тема боюнча
Өзгөндө турак жай өрттөнүп, 29 жаштагы үй ээси каза болду
Түндө Орто-Сай базарында өрт чыкты. Видео