Сот Сапар Исаковду 15 жылга кести

© Sputnik / Нурис АлымбаевДопрос Сапара Исакова в ГКНБ
Допрос Сапара Исакова в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом чыгым тартканын аныктаган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы "Манас" ордени жокко чыгарылды. Аны менен бирге мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт.

Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.

Суд над бывшим премьер-министром КР Сапаром Исаковым - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи боюнча соттун өкүмү чыгып жатат. Онлайн-репортаж. Сүрөт, видео
Эске салсак, Сапар Исаков 2018-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ал жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталып жаткан.

Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом чыгым тартканын аныктаган.

Мындан улам Башкы прокуратура Исаковду 15 жылга эркинен ажыратуу сунушун киргизген

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаковдон тышкары Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0