"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору 11 жыл 3 айга соттолду

© Пресс-служба президента КРМэр Джалал-Абада Салайдина Авазова
Мэр Джалал-Абада Салайдина Авазова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун өкүмү чыкты.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.

"Салайдин Авазов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл үч айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин", — деп айтылат өкүмдө.

Суд над бывшим премьер-министром КР Сапаром Исаковым - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи боюнча соттун өкүмү чыгып жатат. Онлайн-репортаж. Сүрөт, видео
Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом чыгым тартканын аныктаган.

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар болчу. Бүгүн акыркы сөз сүйлөнүп, сот Сапар Исаков менен Айбек Калиевди 15 жылдан, Жантөрө Сатыбалдиевди 7,5 жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0