Алайда токко урунуп ооруканага түшкөн аскер кызматкери каза болуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенная обязанность граждан КР
Военная обязанность граждан КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоокер 4-декабрда токко урунуп, 6-декабрда Ош облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 4-декабрда машыгуудан кайтып келе жатып токко урунуп, оор жаракат алган Ш. А. аттуу ефрейтор 8-декабрда ооруканада каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аскер кызматкери КР Куралдуу күчтөрүнүн Гүлчө калктуу конушундагы кургактагы аскерлердин 92843-аскер бөлүмүндө кызмат өтөп келген.

"Ал 6-декабрдан тарта Ош облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Дарыгерлер тарабынан  бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай аскер каза болуп калды", — деп айтылат маалыматта.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жеке курамы жана жетекчилиги маркумдун жакындарына көңүл айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0