Обманутые якобы компанией Арай Глобал, который обещал их трудоустроить в Европе

Алды 1600 доллар берген. Чет өлкөгө жөнөтөм деп 60 адамды алдаган агенттиктин чуусу

2586
(жаңыланган 17:41 09.12.2019)
"Бир жуманын ичинде бизге 800-1600 доллар алып келип берсең, сени Европага жөнөтүп, жумушка орноштурабыз. Айына 2500 долларга чейин табасың...". "Арай Глобал" деген агенттик дал ушинтип 60тан ашуун кыргызстандыкты алдап кеткени айтылууда.

Байкабай шылуундук компаниянын тузагына түшүп калдык деп ондогон адам Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

Кеңсеси Бишкектин чок ортосунда жайгашкан "Арай Глобал" компаниясы аларды Польша, Германия, Финляндия, Израиль, Эстония, Латвия жана Чехияга жөнөтүүнү убадалаган. Жада калса Америкага виза ачып беребиз деп ишендирген.

Жабырлануучулар июнь айынан тарта документ тапшырып, алды 1600, арты 800 доллар төлөгөн. Алар жумуш тууралуу жарнаманы соцтармактан көрүп эле барышкан. Агенттик тууралуу көп деле сүрүштүрбөй, куру убадага толук ишенип алганын айтышат. 

Квитанция об уплает в компании Арай Глобал, который не выполняет обязательства по трудоустройству в Европу
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Жабырлануучулар июнь айынан тарта документ тапшырып, алды 1600, арты 800 доллар төлөгөн.

"Арай Глобал" компаниясы ар бир жаран менен эки барактан турган келишим түзүп, виза жана кызмат акысына 1600дөн 2500 долларга чейин сураган. Ал келишимде кайсы өлкөгө барып кандай жумуш кылары, канча маяна алары көрсөтүлгөн эмес. Жумуш берүүчүлөр менен аңгемелешүү да өткөрүлбөптүр. Бирок компания кызмат акысын тез арада төлөөнү талап кылган. Мындан улам кээ бирлери кредит алып, автоунаасын сатууга аргасыз болгонун билдиришти. Азыр же акчадан, же жумуштан жок мукурап отурушат. 

Договор с компанией Арай Глобал, который не выполняет обязательства по трудоустройству в Европу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Арай Глобал" компаниясы ар бир жаран менен эки барактан турган келишим түзүп, акчасын ала берген.

Жабырлануучулардын бири Бурул Айдарова жумушчунун жаш курагына деле маани берилбегенин белгилейт. Компания аны 56 жашта экенине карабай Польшага алма терүүгө жөнөтмөк болгон.

"Май айында бул агенттикти балам тапкан. Ага 1800 евро маяна убадалап, бетончу болуп иштөө үчүн Финляндияга жибермек. Балам кызыгып мени да алып барды. Дароо эле кабыл алышып, 2500 доллар айлык төлөнөрүн айтышты. Анан балам толугу менен 1600, мен жарымын, 800 доллар төлөдүм. Мына-мына кетесиңер деп отуруп акыры такыр эле жоголуп кетишти. Ишенген жаным жанталашып барып кредит алгам. Эми ыйлап-сыктап төлөп жатабыз", — деди алданган аял.

Жабырлануучулардын айтымында, компаниянын башкы директору — Талгат Болотов, финансылык директору —Айбек Кадыров. Ал эми Акпейил Акылбекова жана Максат Ильясов аттуу кызматкерлер документ, акчасын кабыл алып турган.

Замир Абдиев Россияда бир жыл иштеп чогулткан 1600 доллар акчасын кармата берип отуруп калганын айтууда.

"Мага Польша менен Германиядан жумуш таап, Алматыдагы консулдугуна жиберишти. 12 киши барып бири да өткөн жок. Кайра келсек Израилге жиберебиз дешти, каршы болсок "анда күтүп тургула" деди. Көпкө созулуп кеткендиктен келишимди бузуп акчаны кайтарышын талап кылдык. Финансылык директор Айбек Кадыров менен акыркы жолу сүйлөшкөндө "биз да алданып калдык, баарыбыз жумуштан кетип жатабыз" деген. Ошол бойдон байланыш үзүлдү", — деди Абдиев.

Мындан сырткары, аны менен кошо кетмек болгон эки жигит кредит алып, эми аны төлөө үчүн учурда Россияда иштеп жүргөнүн кошумчалады.

Шылуундардын тузагына түшкөнүн аңдабаган дагы бир жаран жубайы менен Польшага кетүүнү максат кылып 3200 доллар төлөгөнүн айтып берди. Дагы бирөөгө Америкага виза ачып берүүнү убадалап 6000 доллар алганын айтып отурушту.

Бул иш боюнча Биринчи Май райондук милициясына 60ка чукул жабырлануучу арыз жазганын билдиришти. Ага улай эле Финпол менен Миграция кызматына да кайрылышкан.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Улан Жумаков аталган факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирди.

"Милицияга биринчи арыз 12-ноябрда келип түшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында учурда иликтөө жүрүп жатат. Ал иш боюнча дагы да арыздар түшүүдө", — деди Жумаков.

Ал эми Миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун жетектөөчү адиси Эсенбек Эргешов "Арай Глобалдын" бир эле өлкөгө орноштурууга лицензиясы болгонун билдирди.

"Бул компания бизден 2018-жылдын мартында кыргызстандыктарды Түркияга гана жумушка орноштуруу үчүн лицензия алган. Кийин Польшага документ тапшырганда депозиттик 100 миң сомду, мамлекетке 4000 сом төлөбөй койгондуктан уруксат берилген эмес. Демек "Арай Глобал" агенттигинин Түркиядан башка өлкөгө жөнөтүүгө укугу жок болчу", — деди Эргешов.

Ошондой эле ал ушул жумада бул маселени комиссия карап, компаниянын лицензиясы жокко чыгарылышы мүмкүндүгүн билдирди.

"Бул компаниянын үстүнөн бизге жамааттык арыз түшүп, Финполго жибергенбиз, алар ишти тергеп атат. Андан тышкары, ИИМге 50дөй арыз түшүптүр. Мурунку жумада мен да барып адис катары көрсөтмө берип келдим. Агенттиктин директоруна чакыруу жиберсек келген жок. Аны укук коргоо органдары да таппай жатат", — деди Эргешов.

Бул компаниянын кеңсесине укук коргоо органдары "ачылбасын" деп мөөр басып кеткен.

Кумга сиңген суудай жоголгон компания

Агенттиктин өзүнүн сайтында расмий аталышы ARAI GLOBAL Consulting & Management Company экени, 2016-жылы ишин баштаганы жазылган.

Бирок андай маалымат юридикалык жактан тастыкталган жок. Юстиция министрлигинин базасында Талгат Болотов аттуу жаран "Арай Глобал" деген ЖЧКны 2018-жылдын декабрь айында ачканы көрсөтүлөт. Компания сайтында чет өлкөгө жумушка орноштуруу, окууга киргизүү, виза ачуу менен алектенерин жазган. Мындан сырткары, ишкерлерге франшиза, дистрибьютор, өкүлчүлүктөрдү таап берүү кызматын аткарарын белгилейт.

"Арай Глобалдын" юридикалык дарегинде көрсөтүлгөн телефон номер иштебей жатат. Сайтында жазылган номерлер да өчүк болууда.

Башка компаниялары

Алдап кетти делген директор Талгат Болотов башка дагы эки компанияга ээлик кылары белгилүү болду. Ал адистештирилген дүкөндө азык-түлүк саткан "312 Ритэйл Групп" компаниясынын негиздөөчүсү жана директору.

Экинчиси да соода-сатык тармагында иш алып барган "Юнита Трейд" деп аталган ишкана.

Алдамчылардын тузагына түшүп калбаш үчүн...

Чет өлкөгө барып иштөөнү максат кылсаңыз биринчи кезекте жөнөтүп жаткан компанияны изилдеп чыгуу шарт. "Жетекчиси ким?", "Расмий каттоодон өтүп, лицензия алганбы?" деген суроолорго жооп алышыңыз керек. Алгач бул документтерди өзүлөрүнөн сурап, андан соң Юстиция министрлигинин сайтынан каттодон өткөнүн, Миграция кызматынын сайтынан лицензия алганын текшерип көрүңүз. Уруксат кагазын кайсы өлкөгө алганына маани бериңиз. Мисалы, Түркияга деп берилген лицензиянын башка өлкөлөргө тиешеси жок.

Эмгек келишимине кол коюп жатканда кайсы мамлекетке жөнөтүп, кандай жумуш берилет, маянасы жана жашоо-шарты тууралуу жазылышын талап кылыңыз. "Вакансия толуп калды, тезирээк акча төлөсөң кошулуп кетесиң" дегенге көп ишене бербеңиз. Бул да шылуундуктун бир жолу болушу ыктымал.

Сиз баргандан кийин жумуш бере турган компания тууралуу интернеттен карап көрүңүз. Мурда сиз кайрылган агенттик аркылуу кеткен адамдар менен байланышып, ал жактагы шарт-талаптарды билип алыңыз. Толук ишенүү үчүн үч-төрт адам менен маектешип сүрөт, видеолорун сураңыз. Агенттикке кайрылып жатканда эле социалдык баракчаларын сурап алыңыз.

Буга чейин да дал ушундай жол менен "Амасса" агенттиги сызга отурузуп кетти деп ондогон жаран Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылган.

2586
Белгилер:
жумуш, акча, алдамчылык, компания, Кыргызстан, чет өлкө, миграция
Тема боюнча
Түркияда Кыргызстандын 46 жараны көчөдө калдыбы? Окуянын чоо-жайы
Бармак тиштеп каларың бат эле. Миграция азабын тарткан Түркиядагы кыргыз кыздары
Сельдин кесепети. Архивдик сүрөт

Баткенде сел турак үйлөрдү каптап, жеңил унааны агызып кетти. Видео

84
(жаңыланган 23:32 13.07.2020)
Табигый кырсыктын кесепетинен турак жайлар жабыркап, айылдарга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эки күндөн бери Баткен районунда сел жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусундагы башчысынын орун басары Асылбек Ысманов билдирди.

Анын айтымында, 12-13-июль күндөрү жүргөн сел Баткен районуна караштуу Кыштут айылында жолдорду, арыктарды, көпүрөнү жууп кетти. Ошондой эле сел үйлөргө кирип, айылдыктарга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Тоңдо сел жүрүп, чоң жолдун бир бөлүгүн алып кетти. Видео

Ал эми 13-июлда кечки саат 17.30дар чамасында Баткен шаарында сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа агып кетти. Машинанын ичинде адамдар болгон эмес. Окуя болгон аймакка бир нече куткаруучу тартылды.

84
Белгилер:
турак-жай, сел, Баткен
Тема боюнча
Нарын шаарында катуу жүргөн селдин кесепети. Сүрөттөр
Тоңдо сел жүрүп, чоң жолдун бир бөлүгүн алып кетти. Видео
Велосипедде бараткан киши. Архивдик сүрөт

Бишкекте таксист велосипедченди коюп кетти. Видео

203
(жаңыланган 13:25 13.07.2020)
Кырсык бүгүн эртең менен Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (Түштүк магистраль) катталган. Аны окуянын күбөсү видеого тартып калган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкекте такси велосипедченди коюп кеткен кырсык катталды. Окуя тууралуу видеону "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Кырсык бүгүн 8:00дөр чамасында Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (Түштүк магистраль) катталган. Окуянын күбөсү тарткан видеодон жабырлануучу кишинин жерде жатканын, жанында кулап жаткан велосипедди, такси унаасын жана милиционерлерди көрүүгө болот.

Айдоочу мас болгон. Бишкекте автоунаа коюп кеткен экинчи велосипедчи да көз жумду

Тартип коргоо органдары кырсык болгонун тастыкташты. Жапа чеккен адамдын абалы тууралуу маалымат айтыла элек. Тез жардам кызматына чакырык түшкөн эмес.

203
Белгилер:
такси, милиция, Бишкек, жол кырсык, велосипед
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты
Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт
Тест-системалар. Архивдик сүрөт

Россия гумжардам катары Кыргызстанга 100 миңден ашык тест-система берди

0
(жаңыланган 00:03 14.07.2020)
Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясына жана Роспотребнадзорго ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Россиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда COVID-19ду аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилгени айтылат.

"Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө жүргүзүү үчүн 820 ПЦР тест-системасынын комплектиси, 24 000 изилдөө үчүн толук эмес 480 топтом келди", — деп жазылат маалыматта.

Роспотребнадзордун жетекчиси кыргыз медиктеринин кесипкөйлүгүнө баа берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясына жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним артты.

0
Белгилер:
аныктоо, тест, гуманитардык жардам, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди
Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт