ИИМ: "Акнеттен" 1 миллиард сомдук мыйзам бузуу табылды

© SputnikДеятельность компании "Акнет"
Деятельность компании Акнет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын 28-май күнү "Акнет" ЖЧКсынын салыктан качуу иши боюнча компаниянын ошол учурдагы президенти Кубан Ажумидинов, эсепчиси жана "Строй Сеть" ишканасынын директору кармалган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ИИМдин тергөө кызматы "Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажумидиновго карата сотко чейинки өндүрүштү аяктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, ушул жылдын 28-май күнү "Акнет" ЖЧКсынын салыктан качуу иши боюнча компаниянын ошол учурдагы президенти Кубан Ажумидинов, эсепчиси жана "Строй Сеть" ишканасынын директору кармалган. Анда 150 миллион сомдук салык төлөнбөй калганы аныкталган.

Кийин Башкы прокуратура ишти төргөө милдетин ИИМдин тергөө кызматына жүктөгөн.

"Тыкан иликтөө маалында салыктан качуу боюнча башка дагы жагдайлар ачыкталды. Жалпысынан ишкана 616 миллион 816 миң сомдук салык төлөгөн эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, 384 миллион 901 миң сом өлчөмүндө каражатты эсептен чыгаруу жана максатсыз колдонуу жолу менен жок кылган фактылар аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, андан ары чечим кабыл алуу максатында иш Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0