БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкекте болгон атышуудан жаракат алган адамдардын бири оор абалда жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.
Белгилей кетсек, 10-декабрда түндө Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылып, төрт машина жабыркаганы айтылган. Ишенимдүү булактын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаңжалдаша кеткен.
Кийинчерээк атышуу учурунда ок тийип үч киши ооруканага кайрылганы белгилүү болду.
"Бел тарабынан жаракат алган бир адамга түндө ыкчам операция жасалган. Экинчисине тийген ок сан сөөгүн талкалап кеткен. Үчүнчүсү автокырсыктын кесепетинен кызыл ашыгын сындырып алган", — деди Жумабеков.
Учурда экөө травматология бөлүмүндө, белинен жарадар болгон киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Милиция Кыргызстандын түштүгүндө бизнесмендерди өз көзөмөлүнө алууга аракет жасаган топ бар экенин кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ "салык" төлөөдөн баш тарткан ишкерлер менен коммерсанттарды эл жок жерге алып барып сабап коркутуп турушкан.
"Жалал-Абадда апрель айынын башында үч киши 29 жаштагы ишкерди күчкө салып машина менен алып кетишкен. Аны ээн жерге алып барып акча талап кылып сабашкан", — дешти ИИМден.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 16-апрель күнү Жалал-Абаддан 29 жаштагы шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Милиция учурда шериктерин издеп жатат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.