Бишкекте атыша кеткендерди кармоо учуру видеодо. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Нурис АлымбаевАтышуу болгон жердеги милиция кызматкерлери
Атышуу болгон жердеги милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-декабрда Бишкектин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылып, автоунаалар жана кишилердин жабыркаганы маалым болгон.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Борбор калаада өткөн түнү болгон атышууга тиешеси бар деп шектелип эки бала кармалды. Бул тууралуу журналисттерге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Эске салсак, 9-декабрда Бишкектин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылганы маалымдалып, төрт машина жабыркаганы айтылган. Ишенимдүү булактар анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаңжалдаша кетип, үч киши түрдүү жаракат алганын кабарлаган. ИИМ расмий маалымат таратып, ал жерде балдар чатакташа кеткенин жазды.

"Жаңжалдашуудан жабыркагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Кол салгандар Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 24 жаштагы эки тургуну экен. Алардын жанында "Макаров" үлгүсүндөгү курал болгон", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

10-декабрда түндө Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон ок атушуу - Sputnik Кыргызстан
Ок сөөгүн талкалап кеткен. Бишкектеги атышуудан жабыркагандардын абалы айтылды
Маалыматка караганда, аталган көчөлөрдүн кесилишинде белгисиз автоунаадагылар Toyota Avensis үлгүсүндөгү машинаны аткылап кетишкен. Кийин жабыркагандар кайра алардын артынан кууп, бир нече жолу жол эрежелерин бузган. Аягында жол кырсыгына кабылышкан.

Бул факты КР Жазык кодексинин 39-130-беренесине («Адам өмүрүнө кол салуу») ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

Сурак маалында чатакташкан тараптардын 1,5 жылдан бери бири-бири менен пикирлери келишпей жүргөндүгү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0