Баткенде мууздалган аялдын ким экени аныкталды

Жазылуу
Уруп-сабалган аялдын сөөгү 23-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30дарда Кулунду — Жаңы-Жер автотрассасынан 80 метр алыс жерден табылган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сөөгү табылган аялдын ким экени аныкталды. Маркум эки баланын энеси болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, маркум Тажикстандын Согдий облусунун 39 жаштагы Т.А. аттуу жараны болгон.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын эки баласы бар экени аныкталган. Факты боюнча шектүү кармалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", — дешти милициядан.

Эске салсак, 35-40 жаштар чамасындагы таякталган аялдын сөөгү 23-ноябрда болжол менен саат 10:30дарда Кулунду — Жаңы-Жер трассасынан 80 метр алыс жерден табылган. Аялдын муунтулуп, мууздалганы аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала берген жыйынтыгына ылайык, аял үч күн мурда каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0