Сүлүктү: шахтада иштеп жаткан 4 киши газга ууланып каза болду

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан төрт киши каза болду. Бул маалыматты ӨКМ тастыктады.

Окуя бүгүн, 10-декабрда, болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында газ чыккан. Кырсыктын кесепетинен шахтанын 4 жумушчусу ууланып каза тапкан.

Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп бергени айтылат.

Жерине ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0