Шахтада иштеген жумушчулар. Архивдик сүрөт

Бир туугандар эле... Сүлүктүдөгү шахтада каза болгондор тууралуу

3200
(жаңыланган 23:23 10.12.2019)
Бүгүн, 10-декабрда, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан шахтада төрт жумушчу газга ууланып каза тапкан.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада каза болгон төрт кишинин экөө бир туугандар болгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маркумдардын төртөө тең Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылында жашачу. Алардын эң улуусу 42 жашта, кичүүсү 23 жашта болгон. Ал эми бир туугандар 32 жана 34 жашта экени кабарланды.

Айыл тургундарынын айтымында, эң кичүү жигиттен башкасынын баары үй-бүлөлүү болгон. Алар ошол шахтада көмүр казып тиричилик кылышчу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-декабрда, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында иштеп жаткан төрт жумушчу газга ууланып каза тапкан
Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.

3200
Белгилер:
өлүм, газ, шахта, кырсык, ӨКМ
Тема боюнча
Сүлүктү: шахтада иштеп жаткан 4 киши газга ууланып каза болду
Сейсмаограф маалыматтары. Архив

Түркияда экинчи ирет күчү 5 баллдан ашкан жер титиреди

115
(жаңыланган 00:00 31.10.2020)
Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Эгей деңизинин жээгинде күчү 5,1 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Anadolu агенттигинин маалыматына таянып РИА Новости билдирди.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан. Анын кесепети боюнча азырынча маалымат жок.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Түркиядагы экинчи жер титирөө. Биринчисинин күчү 6,6 баллга жетип, зилзаланын очогу Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзгөн.

Ураган имарат, кафеден чыга качкан эл. Түркиядагы зилзаланын видеосу

Акыркы маалыматтар боюнча, Измирдеги жер титирөөдөн көп кабаттуу үйлөр урап, 400дөн ашык киши жабыркап, 12 киши көз жумган.

115
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, жер титирөө, Түркия
Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөө

Түркиядагы зилзаладан 200дөн ашык адам жабыркап, каза болгондордун саны өсүүдө

186
(жаңыланган 22:08 30.10.2020)
Жер силкинүүдөн көп кабаттуу имараттар талкаланып, уранды алдынан 70тен ашык адам алынып чыкканы кабарланды.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдөн алты адам каза болуп, 200дөн ашыгы жабыркаган. Бул тууралуу РИА Новости Жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (AFAD) маалыматына таянып кабарлады.

Эске салсак, бүгүн, 30-октябрда, Түркияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, алты адам каза таап, 202 киши жарадар болгон", — деп жазылган билдирмеде.

Ураган имарат, кафеден чыга качкан эл. Түркиядагы зилзаланын видеосу

Зилзаладан көп кабаттуу имараттар талкаланып, уранды алдынан 70тен ашык адам алынып чыкканы кошумчаланды.

186
Белгилер:
жаракат, өлүм, жер титирөө, Түркия
Тема боюнча
Түркияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, имараттар урады. Видео