Өрт чыккан "Антошка" тез татым жайынын ээси СИЗОго киргизилди

© Sputnik / Нурис АлымбаевВзрыв фастфуда "Антошка" на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке
Взрыв фастфуда Антошка на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрь айынын башында Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде жайгашкан тез татым жайында бир нече жарылуу болуп, өрт чыккан.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Антошка" тез татым жайынын ижарачысы 56 жаштагы К.А. шаардык соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Улан Жумаков билдирди.

Последствия пожара в точке быстрого питания Антошка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура: жарылуу болгон тез татым жайына газ жабдуусу мыйзамсыз коюлган
Белгилей кетсек, 8-ноябрда Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишиндеги тез татым жайында бир нече жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен ондон ашык киши жаракат алып, бир кыз каза болгон. Окуя болгон күнү Бишкек ШИИБдин тергөө кызматы териштирүү жүргүзүп, тез татым жайдын ижарачысын кармаган. Бирок сот аны үй камагына чыгарган.

Прокуратура райондук соттун чечимине каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Натыйжада К.Ж. тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0