Абдил Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяда Атамбаевге кандай жардам бергени айтылды

Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралууда. Аны депутаттарга комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров тааныштырууда.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кой-Таштагы 7-8-августта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүндөгү тарапташтарын тамак-аш менен камсыздоого Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жардам берип турганын айтты.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралууда. Аны депутаттарга комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров тааныштырууда.

Депутат Кой-Таштагы окуялар башталарга чейин ал жактагылар өз лидерлерин тандап, айрым милдеттерди да бөлүштүрүп алганын айтты.

"Күнүнө үч жолу тамактануу, күн сайын акча төлөп берүү уюштурулган. Тамак-аш менен камсыздоого УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев дагы жардам берип турган", — деди ал.

Шайназаров УКМКнын жана жергиликтүү ЖМКлардагы маалыматтарга таянуу менен 7-8-августтагы окуялар болгонго чейин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн айланасы бекем бетондор менен тосулуп, үйүнүн тегереги тикен зымдар менен курчалганын айтты.

Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: Атамбаев психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес.

Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган. Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0