Досуна кол салган жаранды бычактап салган. Соттук өкүм

Жазылуу
Фемида өкүлдөрү тергөөчүлөрдүн чогулткан материалдарын карап чыгып, айыпталуучуну 12,5 жылга темир тор артында калтырды.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Стакандашын бычактап салган 29 жаштагы жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуя Ысык-Көл облусундагы шаарлардын биринде болгон.

Өкүмгө ылайык, айыпталуучу эки шериги менен арак ичип отуруп чырдаша кетип, бирөөсүн мыкаачылык менен бычактап салган. Жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

"Олег экөөбүз үйдө арак ичип отурганда Дима клей жыттап алып сөгүнүп, ызы-чуу сала баштады. Андан кийин Дима шланганы көтөрүп келип, досумдун мойнуна салып муунта баштаган. Ошондо мен бычак менен бир жолу сайып, ал жактан качып кеткем. Жеңил жаза бергилечи" — деп көрсөтмө берген шектүү.

Фемида өкүлдөрү тергөөчүлөрдүн материалын карап чыгып, соттолуучуну 12,5 жылга темир тор артында калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0