Атаңды чакыр! Милиция балдарын сабап, аны видеого тарткан аялды издеп жатат

CC0 / Pixabay / Deedee86Случаи насилия над детьми
Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала болжол менен 3-4 жашта. Социалдык тармактын колдонуучулары аялды таап жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Милиция өз балдарын аёосуз сабап жаткан аялды издеп жатат. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки баланы сабап, биринин кулагын жабыркаткан киши камакка алынды
Социалдык тармакта болжол менен үч-төрт жаштагы баланын жана беш жаштагы кыздын таяк жеп жаткан видеосу тарады. Видеону уруп жаткан аял өзү атайылап тарткан.

Кадрда сүйлөгөн сөздөрүнөн ал балдардын апасы экенин билүүгө болот. Бөбөктөрдү коркутуп "Атаңды чакыр, апам уруп атат, кел деп айт" деген. Бала шолоктоп ыйлаганына карабай таяктап атасын чакырышын талап кылган. Жанында отурган кызды да бир жолу чаап ийгени көрүнөт.

Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын кескин сынына кабылып, аялды таап жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0