Миллиондорду чыгарып кетти деген киши 16 жылдан соң Москвадан кармалды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүШектүүгө кишен салып жаткан полиция кызматкери. Архив
Шектүүгө кишен салып жаткан полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү заводдон баасы 4 миллион 673 миң сомдон ашкан материалдык байлыктарды чыгарып кетип, изин жашырган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 2003-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөгө алынган киши быйыл ноябрдын аягында Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Офис CAS в Пхенчхане - Sputnik Кыргызстан
Европага ишке жөнөтөм деп 60 адамды алдаган "Арай Глобалдын" лицензиясы алынды
Ага ылайык, шектүүнү кармоо аракеттери КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана РФтин укук коргоо органдарынын биргелешкен аракетинин жыйынтыгында ишке ашкан.

ИИМдин кабарлашынча, 1957-жылы туулган О.М. аттуу жаран Севастополь шаарында жашап келген.

Ал жасаган кылмышын жабуу үчүн жасалма документтерди колдонгон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, штамп, мөөрлөрдү жок кылган жана башканын ири көлөмдөгү мүлкүн уурдаган деп айыпталууда.

"Шектүү Бишкек шаарынын Алматы көчөсүндөгү ишканалардын башкы директору болуп иштеп турганда башканын ири өлчөмдөгү мүлкүн уурдоо максатында компаниянын кызыкчылыгына каршы келгенине карабастан жабдууну сатуу боюнча буйрук чыгарган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү заводдон баасы 4 миллион 673 миң сомдон ашкан материалдык байлыктарды чыгарып кетип, изин жашырган.

Учурда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү кармалган кишини Кыргызстанга кайтаруу аракеттерин көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0