Тендерди утасың деп 3 млн. сом алды делген сот департаментинин өкүлү кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовИскоренение коррупции в КР
Искоренение коррупции в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын берген маалыматы боюнча, башкармалыктын башчысы кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, жеке ишкерден "тендерди утасың" деп акча алган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Обыск в здании УОБДД - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол кырсыктарын тергеген жетекчи пара алып кармалды
Ага ылайык, А.А. департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси С.Г. аттуу кишиден райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык ремонт кылуу үчүн жарыяланган тендерди утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 миллион сом пара алган.

Кармалган киши 11-декабрь күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сот департаментинин сайтындагы маалымат боюнча, Ресурстар башкармалыгынын башчысы Аида Асаналиева болуп саналат.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0