Коргонгом... Өгөй уулуна бычак урган 73 жаштагы кишиге өкүм чыкты

Жазылуу
Сот тергөөдөгү материалдарды карап чыгып, айыпталуучуну 11 жылга эркинен ажыратты. 110 миң сом айып салды.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. 73 жаштагы киши өгөй уулун бычактап темир тор артына түштү. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, каргаша Бишкек шаарында болгон. Анда ата-баланын ортосунда чыр чыгып, үй ээси өгөй уулун бычак менен ич жакка сайып жиберген. Жабырлануучу көп кан жоготуп, окуя болгон жерде көз жумган.

Териштирүү маалында айыпталуучу каргаша болгон түнү өзүн коргоого аракет кылгандыгын айткан.

"Балам апасына болушуп мени бычак менен коркутуп, аны ары-бери шилтей баштаган. Ошондо колунан бычакты тартып алып экөөбүз мушташа кеткенбиз. Ага кантип бычак сайылып кеткенин байкабай калдым. Кылганыма өкүнөм жана жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм", — деген айыпталуучу.

Сот аны 11 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0