Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагышты

Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагышты. Жабыркагандар бар

12338
(жаңыланган 10:10 16.12.2019)
Алдын ала билдирүүлөргө караганда, жол кырсыгынан беш адам жабыркаган. Алардын биринин абалы оор.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине күбө билдирип, кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдү жөнөттү.

  • Последствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке
    Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагышты
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
  • Последствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке
    Окуя ишемби күнү Термечиков жана Гагарин көчөлөрүнүнү кесилишинде саат 19.00дө болду
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
  • Последствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке
    Күбөнүн айтымында, Honda Odyssey чыгышты көздөй бара жатып чукул токтогон
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
  • Последствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке
    Ага артынан келе жаткан троллейбус, троллейбуска автобус, автобуска башка жеңил унаа келип урган
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
  • Последствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке
    Алдын ала билдирүүлөргө караганда, жол кырсыгынан беш адам жабыркаган
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
  • Последствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке
    Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык болгон жерге инспектор жөнөт кеткенин билдиришти.
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
1 / 6
© Sputnik / Бегайым Касымбекова
Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагышты

Окуя ишемби күнү Термечиков жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде саат 19:00дө болду. Күбөнүн айтымында, Honda Odyssey батышты көздөй бара жатып чукул токтогон.

“Ага артынан келе жаткан троллейбус, троллейбуска автобус, автобуска башка жеңил унаа келип урунду. Жеринде медиктер менен куткаруучулар иштеп жатат”, — деди күбө.

Алдын ала билдирүүлөргө караганда, жол кырсыгынан беш адам жабыркаган. Алардын биринин абалы оор.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык болгон жерге инспектор жөнөп кеткенин билдиришти.

12338
Белгилер:
автобус, троллейбус, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Бишкекте үч жеңил унаа менен троллейбус кагышты. Сүрөт
Вичке экспресс-тест өткөрүү. Архивдик сүрөт

Бир жылда 850 кыргызстандык ВИЧ жуктурганы аныкталып, 77 киши көз жумду

11
Бүгүнкү күндө антиретровирустук дарыларды колдонуп жүргөн ВИЧ менен ооругандар ден соолугу чың адамдардай эле көпкө чейин жашай турганы белгиленет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жылы ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 850 адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алардын 70 пайызы жыныстык жол менен илештирип алганы белгиленет. Бул илдетке чалдыккандардын саны 2015-жылы 393 болсо, былтыр 595 учурга же 1,5 эсеге көбөйгөнү айтылат.

Ошону менен бирге өткөн жылы 77 адам ВИЧтен көз жумган. Алардын көпчүлүгү (50 киши) эркектер.

"Каза болгондордун айрымдарынын өлүмүнө ашыкча өлчөмдө баңгизат колдонуу жана башкалар себеп болгон. Өлгөндөрдүн дээрлик баары (99 пайызы) 30 жаштан 50 жашка чейинкилер. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактагылар. ВИЧ инфекциясынан өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталды", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө антиретровирустук дарыларды колдонуп жүргөн ВИЧ менен ооругандар ден соолугу чың адамдардай эле көпкө чейин жашай турганы белгиленет.

11
Белгилер:
статистика, дарылоо, өлүм, жуктуруу, вич
Тема боюнча
Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт
Жалал-Абадда ВИЧ илдетин жуктургандарды аныктоо боюнча акция башталды
Терезени караган аял. Архивдик сүрөт

Кызы менен коштошкон боюнча жок. Жалал-Абадда 42 жаштагы аял изделүүдө

168
(жаңыланган 18:38 01.12.2020)
Бахтигүл Базарматова 25-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 42 жаштагы аял дайынсыз болууда. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бахтигүл Базарматова аттуу аял 25-ноябрь күнү саат 15:30дар чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес. 

Пропавшая в Джалал-Абадской области Бахтигуль Базарматова
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Жоголуп кеткет Бахтигүл Базарматова
"Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыктан, туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылат маалыматта.

Бахтигүл Базарматованын өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Ал башына сары, кара түс аралашкан жоолук салынып, тизеге жеткен боз түстөгү күрмө жана кара түстөгү шым кийип жүргөн. Бутунда такалуу кара түстөгү ботинка бар экени айтылды.

Дайынсыз жоголуп жаткан аял тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милиция (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.

168
Белгилер:
белги, издөө, аял, милиция, Жалал-Абад
Тема боюнча
30 жыл полициядан качып жүргөн кишини эч ким издеген эмес. Кытайдагы окуя
Бишкекте 9 жаштагы Аяна Эмилбекова изделип жатат. Сүрөт
SpaceX негиздөөчүсү Илон Маск. Архив

Илон Маск адам баласын Марска качан жөнөтөрүн айтты

0
(жаңыланган 09:32 02.12.2020)
Маск келерки эки жыл ичинде Марска алгач аба кемесин жөнөтүүнү пландап жатат. Андан кийин гана адамды учуруу туурасында кеп болот.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. SpaceX негиздөөчүсү Илон Маск адам баласын жакынкы алты жыл аралыгында Марс планетасына жеткирүүгө убада берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Бул толук ишке аша турган нерсе. Алты жылдан кийин болот деп ойлоп жатам", — деди Маск Берлин шаарында өткөн Аксель-Шпрингер сыйлыгын тапшыруу учурунда сүйлөп жатып.

Видео жазуу интернетке жайгаштырылган.

"Балким, төрт жылда деле болуп калышы мүмкүн", — деген ал.

Маск келерки эки жыл ичинде Марска алгач аба кемесин жөнөтүүнү пландап жатат.

0
Белгилер:
космос, аба, Марс, Илон Маск
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат