Автобус, троллейбус жана эки унаанын кагышуусунан 10 киши жабыркады. Чоо-жайы

© Sputnik / Бегайым КасымбековаПоследствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке
Последствия ДТП с участием троллейбуса, автобуса и двух легковых авто на пересечении улиц Гагарина и Термечикова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн кечинде троллейбус менен минивэндин жөө адамдарды жолдон өткөрүп токтоп турган маалында болгон.

БИШКЕК, 14 дек — Sputnik. Бишкектин Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус, автобус жана эки жеңил унаанын кагышуусунан 10 киши жабыркады. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Белгилей кетсек, кырсык тууралуу маалымат саат 19:20да түшкөн. Окуяга күбө болгон шаар тургуну сүрөттөрдү салган.

Кырсыкка кириптер болгон троллейбустун айдоочусу Эркин Топеловдун айтымында, кесилиште Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа менен троллейбус жөө адамдарды өткөрүп токтоп турган. Ошол маалда “Ясин-Бенц” үлгүсүндөгү автобус троллейбусту сүзүп, автобуска Ford Focus урунган.

“Кырсыктан автобустун алты жүргүнчүсү, троллейбустагы эки киши жана жеңил унаалардын эки айдоочусу жабыркаган. Коомдук транспорттогулардын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Машиналардын айдоочулары амбулатордук жардам алышты. Жүргүнчүлөрдүн көбүнесе эти ооруп калган, бирөөсүнүн буту сынганы айтылды”, — делет мэриянын маалыматында.

Муниципалитет коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр камсыздандырылганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0