Бишкекте автоунаа коюп кеткен киши каза болду. Кырсыктын видеосу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАвтомобиль скорой медицинской помощи в Москве
Автомобиль скорой медицинской помощи в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге келген Тез жардам кызматы жөө адам каза болуп калганын аныктаган. Каргаша Ахунбаев менен Ак-Туз көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батышында болгон жол кырсыгынан жөө бараткан адам каза болду. Бул тууралуу күбө окуянын видеосун Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, жол кырсыгы Ахунбаев менен баратканда Арча-Бешик конушунда катталган.

Шаардык милициянын нөөмөт кызматы жол кырсыгы тууралуу билдирүү саат 22:40та келип түшкөнүн кабарлады. Окуя болгон жерге инспекторлор чыгып кеткен.

Тез жардам кызматы да Ахунбаев менен Ак-Туз көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгону тууралуу кабар келип, жерине барган дарыгерлер кишинин каза болуп калганын аныкташканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0