Бишкек — Ош трассасында унаа өрттөнүп кетти. Видео

© AFP / SEBASTIEN SALOM GOMISПожар в районе Малакофф Нанта
Пожар в районе Малакофф Нанта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү убагында өчүрүүгө үлгүрбөй калышкан. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Окуянын видеосун күбөлөр тартып алган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында 18-декабрга караган түнү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Окуянын видеосу Telegram-каналынын "Короче" тайпасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Toyota Rav-4 үлгүсүндөгү автоунаа 18-декабрга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Чычкан капчыгайында күйгөн.

Айдоочу менен жүргүнчүлөр жабыркаган эмес, алар буюмдарын кошо сыртка чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0