Батукаев иши: келерки соттук процесс Атамбаев үчүн тергөө абагында өтмөй болду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБывший президент КР Алмазбек Атамбаев
Бывший президент КР Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу соттук процессти 24-декабрга жылдырды.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча келерки соттук процесс УКМКнын тергөө абагында өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Бүгүнкү соттук процесс Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу болбой калды. Көчмө соттук жыйын 24-декабрь күнү саат 10.00дө өтмөй болду.

Ишти УКМКнын тергөө абагынан кароо өтүнүчүн мамлекеттик айыптоочулар берген.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

Встреча президента Алмазбека Атамбаева с председателем Ассамблеи народа Кыргызстана Токоном Мамытовом - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча маалымат берди
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0