Ошто ооруканада дарыланып жатып качып кеткен шектүү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлениях
Арест подозреваемого в преступлениях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү Жазык кодексинин 202-беренеси менен кармалып, ден соолугуна байланыштуу милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда ооруканада жаткан.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Бейтап Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кармалган. Ал ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкеринин кайтаруусунда болчу. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүү Бишкек шаарынан кармалды
Ошто ооруканада дарыланып жатып качып кеткен шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан
Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүү Бишкек шаарынан кармалды

Бирок 17-декабрь күнү из жашырып кеткен. Шектүүнү кармоо үчүн "Сирена" операциясы жарыяланган.

Кылмышка шектүү Алмаз Калдыбаев 1989-жылы туулган, Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 41-жатаканада убактылуу жашап келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0