Өспүрүм компьютердин жарылышынан каза таптыбы? Милициянын жообу

© Sputnik / Нурис АлымбаевРейд по выявлению несовершеннолетних в ночное время в компьютерных клубах в Бишкеке
Рейд по выявлению несовершеннолетних в ночное время в компьютерных клубах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлар Кантта компьютер жарылып, анын кесепетинен өспүрүм каза болгону тууралуу маалымат жарыялашкан. Милиционерлер окуя болгон-болбогонун такташты.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 15 жаштагы өспүрүм аныгында өрттөн күйүк алып каза тапкан. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Милициядан кабарлашкандай, кээ бир ЖМКлар Кантта компьютер жарылып, анын кесепетинен өспүрүм каза болгону тууралуу жазып жатышат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

"Кечээ, 19-декабрда, Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 2004-жылы туулган бала жабыркаган. Ал ооруканага жеткирилип, бирок, тилекке каршы, 20-декабрда алган жаракатынан улам көз жумган", — дешти милициядан.

ИИББден белгилешкендей, сотко чейинки териштирүү учурунда маркум майып болгону аныкталган. Ал кырсык чалган үйдө апасы, чоң энеси жана эки эжеси менен жашап келген. Өрт чыкканда өспүрүмдүн апасы дагы үйдө болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр зымдарынын тийишип кетүүсүнөн чыккан. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

ИИББ үстүбүздөгү жыл ичинде Кантта компьютердин жарылышынан өрт чыкты деген бир дагы факты каттоого алынбаганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0