Башка паспорт менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракеттенген киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстадын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстадын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арачылар кишинин сүрөтү паспорттогудан айырмаланып турарын байкашкан. Ал кармалып, УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Манас" аэропортунан башка паспорт менен чет жакка чыгып кетүүгө аракеттенген киши кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Бишкек — Москва каттамы боюнча паспорт текшерүү учурунда жаран 1994-жылы туулган М. М. уулуна таандык документти көрсөткөн.

"Чек арачылар паспорттогу сүрөт менен кишинин жүзү айырмаланып турарын аныкташкан. Сурак учурунда ал чет жакка чыгуусуна тыюу салынганын айтып, Москвага башка паспорт менен учууга аракет кылганын билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0