Арча-Бешикте 57 жаштагы эркекти бычактаган шектүү изделүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармап турган адам. Архив
Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Арча-Бешик конушунда бир жаранды бычактап өлтүргөн шектүүнүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 21-декабрда саат 15.13төр чамасында милицияга Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде бычакталган адам жаткандыгы боюнча кабар түшкөн.

Сход лавины недалеко отеля Rigopiano в Италии - Sputnik Кыргызстан
Сөөгү 4 жылдан кийин табылып... Атасын короого көмүп салган кишиге өкүм чыкты
Окуя болгон жерге Ленин РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон 57 жаштагы эркектин сөөгүн тапкан. Андан сырткары, укук коргоо кызматкерлери 1984-жылы туулган шектүүнүн өздүгүн аныктап, учурда жүргөн жерин таап, кармоо аракеттерин көрүүдө.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0