Кар көчкү түшөт, сак болгула! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖологу жүк ташуучу унаа. Архив
Жологу жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаа кыймылы татаалдайт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Аба ырайынын бузулуп, тынбай жааган кардан улам Кыргызстандын тоолуу райондору менен ашууларында көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта алдыдагы эки күндө көпчүлүк аймактарда кар жаай турганы айтылат.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана мал кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаа кыймылы татаалдайт.

Мындан улам тоолуу аймактарда, Бишкек — Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0