БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Борбордо эки маршруттук унаа кагышып, алты киши жабыркады. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы кечээ, 22-декабрда, саат 09:40та 7-Апрель көчөсүндө болгон. Эки кичи автобус тең түндүк тарапка бараткан.
Кырсыктын кесепетинен ооруканага алты киши кайрылган. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.
Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.
Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатканы айтылган.
Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген.
"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-январда, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында -1...-6 градус, Таласта 0...-5 градус болмокчу. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын жылышы байкалып, термометр -1...+4 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер борбор калаада -1...-3, түштүк борбордо +1...+3 градус болорун айтышты.