Кыргыз-тажик чек арасынан жабыркаган үч адамдын абалы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-декабрда эртең мененки саат 9:30дар чамасында Баткендин Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынан жабыркаган үч киши Баткен облустук бириккен ооруканасында стационардык дарылануудан өтүп жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, баарынын абалы канааттандырарлык.

"Жабыркаган бир аскер Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна которулган. Бүгүн денесине кирип кеткен нерсе операция жолу менен чыгарылат. Абалы канааттандырарлык. Экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", — дешти министрликтен.

Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" пункту жабылат. Кайсы бекеттер иштейт?
Эске салсак, 18-декабрда эртең мененки саат 9:30дар чамасында Баткен районундагы Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен. Кыргызстандын 80дей, Тажикстандын 100дөй тургуну бири-бирине таш ыргыткан.

Мындан улам эки мамлекеттин тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жаткан маалда тажик тараптагылар таш ыргытып, ок чыгарган. Анда алты киши жабыркаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркагандардын төртөө аскер адамдары болсо, экөө карапайым жаран. Бир жай тургун менен бир аскерге ок тийген.

Калгандары башынан жаракат алып, мээлери чайкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0