Өрт өчүрүү. Архивдик сүрөт

Бишкекте курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөнүп жатат. Видео

293
(жаңыланган 18:07 23.12.2019)
ӨКМге Щербаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Эски толчок" базарында курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөнүп жатат. Окуянын видеосун күбө Telegram-каналынын "Бишкек сегодня" тайпасына жөнөттү.

ӨКМ Щербаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыкканы тууралуу маалымат 23-декабрда түшкөнүн тастыктады.

Саат 16:50дө жерине эки өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн.

293
Белгилер:
өрт, дүкөн, Бишкек
Тема боюнча
Өспүрүм компьютердин жарылышынан каза таптыбы? Милициянын жообу
Жол кырсыкка кабылган унаа. Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте эки машина кагышып, бири оодарылып калды. Видео

73
(жаңыланган 21:29 24.10.2020)
Каргаша бүгүн кечинде Гагарин менен Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки автоунаанын кагышып кеткени айтылды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте автоунаа жол кырсыгына кабылгандан кийин оодарылып калганын "Короче" Telegram-каналы кабарлады.

Окуя бүгүн болжол менен саат 19.30дарда Гагарин менен Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайдын жанында болгон.

Милиция кырсык болгонун тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар бар.

73
Белгилер:
милиция, автоунаа, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Катуу соккудан автоунаа тегеренип кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу
Тирүү сүлүк курт. Архивдик сүрөт

Кытай: дарыгерлер баланын кекиртегинен тирүү сүлүк куртту алып чыкты. Видео

162
Бала дем алуусу кыйындап, башы ооруп жаткандыгын көп айта баштаган. Ата-энеси уулун өз алдынча дарылаганга аракет кылып, бирок майнап болгон эмес.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кытайда дарыгерлер беш жаштагы баланын кекиртегинен тирүү сүлүк курт алып чыгышты. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

Медиктер анын организмге бир жыл мурда кирип кеткенин аныктаган.

​Бала дем алуусу кыйындап жана башы ооруп жаткандыгын көп айта баштаган. Ата-энеси уулун өз алдынча дарылаганга аракет кылып, бирок майнап болгон эмес.

Кишинин тамагына кирип алган сүлүк курттун видеосу. Кытайдагы окуя

Медициналык текшерүүдөн өткөрүп жаткан кезде бөбөктүн башынан узундугу чоң кишинин алаканындай болгон тирүү сүлүк куртту таап чыгышкан. Дарыгерлердин айтымында, курт организмге кир сууну ичкенде кирип кеткен.

Ак халатчандар баланын кекиртегиндеги куртту алып чыгып, башка ата-энелерге да сак болууну эскерткен.

162
Белгилер:
дарыгер, баш, бала, сүлүк курт, Кытай
Тема боюнча
Казакстанда 13 жаштагы кыздын ашказанынан шар сымал чач чыкты. Видео
Сүлүк курт адамдын мурдуна жана кызыл өңгөчүнө кирип кетет
Бишкектеги 7 апрель көчөсү. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

0
25-октябрь, жекшембиге караган түнү, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз күн ачык болот, тоолорго кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +5...+10, Нарын өрөөнүндө +6...+11 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат

Ал эми борбор калаада күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +16...+18ге жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт