Өзгөндө чоң энесин бычактады деген небере изделип жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүүдө. Жабыркаган аялга операция жасалып, хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн шаарында чоң энесин бычактады деген бала изделип жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ага ылайык, милицияга 12-декабрда болжол менен саат 10:33 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасына 1949-жылы туулган М.А. аттуу аял келип түшкөнү боюнча маалымат берилген.

"Бул кабар боюнча Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан текшерүү жүргүзгөндө, 12-декабрда болжол менен саат 10:00 чамасында Өзгөн шаарынын  М.А. аттуу 70теги кемпирди 22 жаштагы небереси эч себепсиз ашканадагы бычак менен көкүрөк тарапка бир жолу сайып жиберип, качып кеткендиги такталган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүүдө. Жабыркаган кемпирге операция жасалып, хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Милициядан тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумча билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0