Алматыда абага көтөрүлгөн учак кулап, жүргүнчүлөр каза болду. Видео, сүрөт

© Sputnik / СтрингерАвиакатастрофа в Алматы
Авиакатастрофа в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматы — Нур-Султан багыты боюнча чыккан учакта 95 киши, экипаждын беш мүчөсү болгон. Радардан табылбай калган аба кемеси учуп-конуучу тилкеден тыш аймактан табылган.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Алматыдан Нур-Султан шаарын көздөй багыт алган "Бек Эйр" авиакомпаниясынын учагы кулап, жети киши каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады. 

Маалыматта самолеттун абага саат 7.05те көтөрүлгөнү, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаганы айтылат.

"Учак ичинде 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бар болчу. Самолет күйгөн жок. Дароо эле куткаруу иштери башталып, эвакуация жүрдү. Каза болгондордун саны жети кишиге жетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык боюнча Казакстандын премьер-министринин тапшырмасы менен өкмөттүк комиссия түзүлдү. Каргашанын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0