Якутияда кыргыз диаспорасынын башчысы кармалды. Колго түшүрүү учуру видеодо

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте подозреваемых в подготовке теракта в Москве
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте подозреваемых в подготовке теракта в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз жаранын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы 3-декабрь күнү колго түшүргөн. Аталган иш боюнча россиялык аял да кармалган.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Якутияда мыйзамсыз миграция каналын уюштурууга шектелип кыргыз диаспорасынын башчысы кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кыргызстандыктардын диаспора өкүлүн Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы 3-декабрь күнү Якутиядан кармаган. Ушул эле иш боюнча Россиянын тургуну да сурак берүүдө.

Бейшемби күнү күч түзүмдөрү аталган иш боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргызстандын жараны Б. менен Россиянын Т. аттуу жаранына РФ Кылмыш кодекси боюнча иш козголду", — деп жазылат маалыматта.

Тергөө учурунда маалым болгондой, шектүү адамдар миграциялык каттоого тура элек иммигранттарды издеп таап, аларга жасалма документ даярдап беришчү. Алган акчаны топтун мүчөлөрү сүйлөшүү жолу менен бөлүшүп алып турушкан.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, кармалган адам Жазбек Бекболиев. Якутияда ал таксист болуп иштечү. Бул жылы ал пенсия курагындагы адамдарды бекер жеткирип акция уюштурганын бир катар гезит-сайттар жазган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0