Бишкекте түндө бакты сүзүп кырсыктаган унаанын видеосу чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция жана тез жардам кызматы. Архив
Милиция жана тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичкилик ичип рулга отурган айдоочу ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын мээси чайкалып, баш сөөгү жаракат алганын аныктаган.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Бишкекте жеңил унаа бакты сүзүп кырсыктаганын Sputnik агенттигине окурман кабарлады.

Анын айтымында, жол кырсыгы Байтик баатыр менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы машинаны 23 жаштагы бала айдап баратканын, анын жабыркаганын билдирди.

Видео Sputnik Кыргызстандын "Бишкек сегодня" "Телеграмм" каналына жүктөлгөн.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, бакка урунган унаанын маңдайкы үстүңкү бети, айнектери, дөңгөлөгү жана сол капталы катуу жабыркаган. Айдоочу алгач эсине келбей, андан кийин окуянын күбөлөрү жана милиция менен сүйлөшүп баштаганын байкоого болот.

Аны ичимдик ичкен деген белгилер менен ооруканага жаткызышканы маалым болду. Дарыгерлер анын мээси чайкалып, баш сөөгү жаракат алганын, ооруп, көгөргөн жерлери бар экендигин аныктаган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0