Төбө чачты тик тургузган кылмыштар. Декабрдагы соттук чечимдердин тизмеги

© AP Photo / Manu BraboБычак. Архив
Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өтүп кеткен жылдын соңку айында өлкө аймагындагы соттор бир топ чуулуу иштерди карап чыкты. Алардын арасында коррупция, адам өлтүрүү, жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү өңдүү окуялар бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги декабрь айында чыккан фемида өкүлдөрүнүн чечимдеринин ичинен төбө чачты тик тургузгандарын тизмектеди.

Окуучу менен жыныстык катнашта болгон

Куралдын огу. Архив - Sputnik Кыргызстан
АК-47 автоматынын бир огу менен кармалып кесилип кетти. Соттук чечим
25 жаштагы бойдок киши алгач мектепте окуган өспүрүм менен интернет аркылуу таанышкан. Андан соң бири-бирин жактырып, сүйлөшүп жүрүшкөн. Күндөрдүн биринде айыпталуучу окуучуну автоунаасына салып барып, аны менен жыныстык катнашта болгон. Тергөө маалында жабырлануучу да, айыпталуучу да мындай аракеттерге бир нече жолу өз эрки менен барышкандыгын айткан. Эргул Жазык кодексинин 164-беренеси ("16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга темир тор артында калтырылды.

Атасын өлтүргөн уул

Жаш жигит өзүнүн аракеч атасын башка чүпүрөк оролгон балка менен башка чапкылап өлтүргөн. Андан соң өлүктү короодогу кир суу чогулган аңга көмүп салган. Маркумдун сөөгү төрт жылдан кийин гана табылып, эч нерсеси калбай калган. Бул убакыт аралыгында шектүү Москва шаарына барып иштеп келгенге да үлгүргөн. Мындан сырткары, кылганын туугандарынан да жашырып, укук коргоо органдарына атасы дайынсыз жоголуп кеткендигин айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылды.

Арам акча тапкысы келген чекист

Судебный центр Ralph L. Carr Colorado в Денвере - Sputnik Кыргызстан
Соттолгон адамдын мүлкү кантип конфискацияланат? Кызык жагдайлар
УКМКнын Башкы башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкери борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаевди музейден Айвазовскийдин болжолдуу баасы бир миллион долларлык уурдалган сүрөтү боюнча иш ачам деп 20 миң доллар опузалаган. Бирок Шыгаев андай суммадагы акча жок экендигин билдирип, 5000 долларга токтолушкан. Эки күндөн кийин чекист директордун кабинетинен 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Жабырлануучу УКМКнын кызматкери биринчи жолу келгенде эле Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылган. Териштирүү маалында шектүү 2019-жылдын башында эжесинен ири суммадагы карыз алып, аны музей директорунан алган тыйын менен төлөөгө аракет кылганын айткан.

Буга чейин соттолбогон, үй-бүлөлүү, 35 жаштагы эркекти бир жылга шарттуу эркинен ажыратып, 50 миң сом айып салынды. Эми анын жүрүм-турумуна атайын комитет көз салат.

Өгөй баласын бычактаган ата

Ата-баланын ортосунда чыр чыгып, үй ээси өгөй уулун бычак менен ичке сайып жиберген. Жабырлануучу көп кан жоготуп, окуя болгон жерде каза болгон. 73 жаштагы киши укук коргоо кызматкерлерине каргаша болгон түнү өзүн коргоого аракет кылгандыгын айткан.

"Балам апасына болушуп мени бычак менен коркутуп, аны ары-бери шилтей баштаган. Ошондо колунан бычакты тартып алып экөөбүз мушташа кеткенбиз. Ага кантип бычак сайылып кеткенин байкабай калдым. Кылганыма өкүнөм жана жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм", — деген айыпталуучу.

Сот аны 11 жылга кесип, 110 миң сом айып салды.

Бир ок үчүн соттолгон жаран

Сот залынан көтөрүп чыгышты. Кубанычбек Кулматовдун бошотулгандагы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Сот залынан көтөрүп чыгышты. Кубанычбек Кулматовдун бошотулгандагы видеосу
Айыпталуучу "Манас" эл аралык аэропортунда Түркияга учам деп жүрүп баштыгынан АК-47 автоматынын бир огу табылып кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок дарыларды мыйзамсыз сактоо") боюнча айыпталган. Сот отурумунда шектүү күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Соттук-баллистикалык экспертиза октун жарактуу экендигин аныктаган. Фемида өкүлдөрү эркектин буга чейин сот жоопкерчилигине тартылбагандыгын эске алып, аны бир жылга шарттуу кести.

Стакандашын "тынчытып" койгон

Соттолуучу каргаша болгон күнү күндүз үйдө болуп, кечинде арак алганы дүкөнгө чыккан. Ал жактан кошунасына кезигип экөө чогуу арак ичип, андан соң батирге барып майрамын уланткан. Мындан соң уруша кетип, шектүү столдун үстүндө турган бычак менен стакандашын алты жолу сайып качып кетип, жабырлануучу каргаша болгон жерде көз жумган. Фемида өкүлдөрү айыпталуучуну 12,5 жылга темир тор артында калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0