Бишкекте Кайгуул милициясынын унаасы кырсыктады. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы саат 07:50лөр чамасында Панфилов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуянын себеби такталып жатат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициясынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя бүгүн, 3-январда, саат 07:50лөр чамасында Панфилов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктын сүрөтү Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

ЖКККББдан билдиришкендей, Кайгуул милициясынын унаасы Lada Priora үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышкан. Ведомство күбөнүн "эки унаа тең Кайгуул милициясыныкы болчу" деген сөзүн четке какты.

Жабыркагандар жок, кырсыктын себеби такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0