Экинчи тилкеден бурулуп... Кайгуул милициясынын унаасы кырсыктаган видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-январь күнү саат 07:50лөр чамасында Панфилов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милициясынын унаасы жол кырсыгына кабылган. Окуянын видеосу Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Видеодо көрүнүп тургандай, Кайгуул милициясынын унаасы жолдогу экинчи сызыктан бурулуп баратканда, каршы тилкеде келе жаткан унаа аны сүзүп кеткен.

ЖКККББдан билдиришкендей, Кайгуул милициясынын унаасы Lada Priora үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышкан. Ведомство күбөнүн "эки унаа тең Кайгуул милициясыныкы болчу" деген сөзүн четке какты.

Жабыркагандар жок, кырсыктын себеби такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0