Столдо отурган адамдар. Архив

Чүйдө жаңы жылдык майрам күнү 16 адам тамакка ууланган

140
(жаңыланган 13:32 04.01.2020)
Тамакка уулангандардын төртөө үй-бүлө мүчөлөрү болсо, 12си конокко келген меймандар. Алардын ичинен алты жаштагы кыз ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда жаңы жыл түнү 16 адам тамакка ууланган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жайыл аймактык бириккен ооруканасынын дарылоо иши боюнча жетекчисинин орун басары Шаршебүбү Куттубаева билдирди.

Анын айтымында, уулангандар ооруканага 31-декабрь күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында кайрылышкан.

"Тамакка ууланып ооруканага 16 адам түштү. Анын төртөө үй-бүлө мүчөлөрү болсо, калганы конокко келген меймандар экен. Бирок 15 адам ошол эле күнү үйүнө коё берилип, алты жаштагы кыз гана жаткырылган. Бөбөк ооруканада бир күн дарыланып, андан соң 1-январда кечинде үйүнө чыгарылды", — деди Куттубаева.

Бейтаптар кайсы тамакка ууланганы азырынча белгисиз. Куттубаеванын айтымында, азыркы учурда тамактардан алынган анализдер экспертизага жиберилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

140
Белгилер:
Жаңы жыл, тамак, уулануу, Жайыл району, Чүй облусу
Тема боюнча
Этке ууланган кудалар, көз жумган бөбөк. Ботулизмден жабыркагандар көбөйүүдө
Тоңдургуч, уксус, колготки... Майрамдан ашкан азыкты сактоонун жолдору
Колунда бөтөлкө арак кармаган айдоочунун архивдик сүрөтү

Бишкекте узаган аптада мас айдоочулар көбүрөөк кармалды

12
(жаңыланган 14:05 21.09.2020)
19-сентябрь, ишембиде Кайгуул милициясы ичимдик ичип алып руль башкарган 33 айдоочуга протокол толтурган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Борбор калаада өткөн жумада андан мурунку аптага салыштырмалуу мас болуп рулга отурган айдоочулар көп болду. Бул туурасында Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбүдөн жумага чейин 87 адам ичип алып автоунаа айдап баратканда токтотулган. Андан мурун 7-сентябрдан 12сине чейин 67 мас айдоочу аныкталган болчу.

Узаган жумада жалпы жонунан Бишкекте 5 447 (мурунку жумада 5 663) жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

Алар төмөндөгүдөй:

  • терезелерин мыйзамсыз түрдө караңгылатуу — 24 айдоочу (мурунку аптада 19);
  • документи жок автоунаа айдоо — 111 (мурунку аптада 112);
  • башка эреже бузуулар — 5 225 (мурунку аптада 5393).

Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп

Ошондой эле жети күндүн аралыгында 700 машина айып короого киргизилди. Анын ичинен 169у эвакуатор менен жүктөлүп келген.

Ал эми ишембиге караган түнү (19-сентябрда) Кайгуул милиция ичимдик ичип алып руль башкарган 33 айдоочуга протокол толтурган.

12
Белгилер:
аныктоо, айдоочу, мас, Кайгуул милициясы
Тема боюнча
Коомдук транспорттун айдоочуларына 519 миң сом айып салынды. Себеби
Жолдон өтүп бараткан адам. Архив

Бишкекте унаа коюп кетип көз жумган кишинин жакындары 5 күндөн бери изделүүдө

62
(жаңыланган 13:08 21.09.2020)
16-июлда кечинде Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Жибек Жолу проспектинде кишини коюп кеткен.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкекте автоунаа коюп кетип, каза болгон кишинин ким экени беш күндөн бери такталбай жатат. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 16-июль күнү саат 22.30да Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу Жибек Жолу проспекти менен бара жатып Ала-Арча көчөсүнө жетпей, болжол менен 40-45 жаштагы кишини коюп кеткен. Ал жараатынан улам өзүнө келе албай, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия борборунда көз жумган. Маркум азиат тектүү, чачы анча узун эмес, ак баскан, боюнун узундугу болжол менен 165-170 сантиметр экени айтылды.

Бишкек: жолдон чуркап өткүсү келген кишини автоунаа ыргыта сүздү. Видео

Милиция аталган жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер же окуянын күбөлөрү болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11-21-13, (0502) 22-24-12 и 102.

62
Белгилер:
айдоочу, аныктоо, жол кырсык, милиция
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө үч буттуу камераны талкалап кеткен скутердин айдоочусу табылды
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Самолет Boeing 777-800 авиакомпании SmartAvia в аэропорту Домодедово имени М. В. Ломоносова.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

0
(жаңыланган 14:36 21.09.2020)
Жүргүнчүлөрдүн бардыгы бет кап режимин сактоого милдеттүү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, жарандардын дене табы текшерилет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу учактар чет мамлекеттерге каттай баштады. Республикалык ыкчам штаб каттамдардын тизмесин жарыялады.

"Манас" аэропорту аркылуу аткарыла турган авиа рейстер:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек
  • Бишкек — Анталья — Бишкек
  • Дубай — Бишкек — Дубай
  • Шарджа — Бишкек — Шарджа
  • Ташкент — Бишкек — Ташкент
  • Алматы — Бишкек — Алматы
  • Бишкек — Москва — Бишкек

Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы

"Ош" аэропортунан чартердик рейстер төмөнкү багыттарга каттайт:

  • Москва — Ош — Москва
  • Ош — Санкт-Петербург — Ош
  • Ош — Новосибирск — Ош
  • Ош — Екатеринбург — Ош
  • Ош — Сургут — Ош
  • Ош — Красноярк — Ош

Белгилей кетсек, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары бул өлкөлөргө барганда, коронавируска тапшырган ПЦР тестинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Тесттин мөөнөтү үч күндөн ашпоого тийиш. Ал эми Түркияда мындай талаптар жок.

"Бардык жүргүнчүлөрдү жолго чыгар алдында тийиштүү документтерди, ПЦР-тестти алган-албаганын текшерип алууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ички каттамдар дагы жанданды. Алар:

  • Бишкек — Ош — Бишкек (күн сайын);
  • Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек (жумасына бир ирет, жума күнү);
  • Бишкек — Баткен — Бишкек (жумасына бир ирет, шейшемби күнү).

Аэропорттун терминалына авиабилети барлар гана кире алат. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы бет кап режимин сактоого милдеттүү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, жарандардын дене табы текшерилет.

0
Белгилер:
каттам, аэропорт, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал