Бир жылда үйдөгү зордук-зомбулуктан жабыркаган 8730 адам жардам сурады

Жазылуу
Жапа чеккендер кризистик борборлорго, аксакалдар сотуна жана башка адистештирилген мекемелерге кайрылган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 2018-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 8 730 адам кайрылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төбө чачты тик тургузган кылмыштар. Декабрдагы соттук чечимдердин тизмеги
Маалыматта жардам сурап кайрылгандардын 78 пайызы аялдар экени айтылат.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, беш жыл аралыгында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча берилген убактылуу коргоо ордерлеринин саны 3,5 эсе өскөн. Алсак 2014-жылы 2619 адам кайрылса, 2018-жылы 7178 адам үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого алынган.

Мындан сырткары, беш жылдын ичинде кылмыш ишин кароо жана сотко жиберүү боюнча фактылар 1,5 эсеге өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0