Милиция автоунаасы. Архивдик сүрөт

Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы жүк ташыган бус менен кагышты. Сүрөт

227
(жаңыланган 11:20 06.01.2020)
Бишкек шаардык кайгуул милициянын маалымат кызматы кырсык бүгүн саат 9.30дар чамасында болгонун тастыктады.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Тоголок Молдо жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милициянын автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында окуяга күбө болгондордун бири "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына кабарлады.

Бишкек шаардык  кайгуул милициянын маалымат кызматы кырсык бүгүн, 6-январда, саат 9.30 чамасында болгонун тастыктады. Анда инспекторлордун автоунаасы жүк ташыган бус менен кагышканы айтылат.

Кырсыктын себептери такталууда.

Жыл жаңыргандан бери Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы катышкан жол кырсыгы экинчи ирет кайталанып жатат. Биринчиси 3-январда болгон.

227
Белгилер:
күбө, кырсык, Кайгуул милициясы, микроавтобус
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (250)
Тема боюнча
Жол четинде турган. Милиция аялды маршрутка сүзүп кеткен кырсыктын чоо-жайын айтты
Казакстанда машинага баллон байлап муз тепкен балдарды унаа тебелеп кетти
Бишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин архивдик сүрөтү

Түлеевдин кызматка келишинин айынан эки тарап чатакташа кетти. Видео

147
(жаңыланган 14:33 21.10.2020)
Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула башташкан. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын имаратында Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор менен анын тарапташтары чатакташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула баштаган. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Мэриянын алдына Түлеевге каршы чыккандар гана эмес, тарапташтары дагы келген. Алар нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

"Сүйлөшүүлөр" мэрияда өтүп, ага шаар башчысынын милдетин аткаруучу Нариман Түлеев өзү катышты. Ар кандай пикирлерден улам эки тарап чатакташа кетти.

 

147
Белгилер:
Нариман Түлеев, чатак, кызмат, мэр, Бишкек
Тема боюнча
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт
COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

85
(жаңыланган 13:08 21.10.2020)
Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Ал бул кызматты 8 жыл жетектеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.

85
Белгилер:
сурак, вице-мэр, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды
Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди
Аширходжаев Эркебек Жумабекович

Аширходжаев Эркебек Жумабекович өмүр баяны

0
Милициянын подполковниги Аширходжаев Эркебек Жумабекович 1969-жылы Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылында туулган.

Билими:

  • Кыргыз улуттук университетин Юридика багыты боюнча адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2001-2010 — ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын ар кандай кызматтарында иштеген;
  • 2010-2011 — Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын өзгөчө оор жана коррупциялык кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмдүн тергөөчүсү;
  • 2012-2017 — Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин Тергөө кызматынын начальниги;
  • 2017-2018 — Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу;
  • 28.08.2018 - 12.09.2018 — ИИМдин Тергөө кызматынын (башкы башкармалыктын укугунда) анча оор эмес кылмыштарды иликтөө боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү;
  • 12.09.2018 - 31.12.2018 — ИИМдин Тергөө кызматынын (башкы башкармалык укугунда) өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмдүн тергөөчүсү;
  • 31.12.2018 - 03.05.2019 — ИИМдин Тергөө кызматынын (башкы башкармалык укугунда) өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;
  • 03.05.2019 - 23.08.2019 — ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • 2019 - 2020 — ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары кызмат ордунда иштеп келген;
  • 2020-жыл, октябрь — ИИМдин жетекчисинин орун басары.
0
Белгилер:
Эркебек Аширходжаев, өмүр баян, ИИМ