Акчанын айынан... Кочкордо дагы бир келин күйөөсүнүн токмогунан көз жумду

Жазылуу
Келиндин жолдошу 34 жашта, жубайлардын ортосунда бир уул, бир кызы бар. Окуя болгон кезде балдары каникулда таятасынын үйүндө болчу.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында ур-токмоктон 37 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, кылмышка келиндин күйөөсү шектелүүдө.

"1-январь түнү саат 00.40тар чамасында Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фельдшери келинди көргөнү барат. Бирок дарыгер барганга чейин эле келин каза болуп калган. Мындан улам фельдшер дароо 102 кызматына кабарлаган. 37 жаштагы келиндин сөөгү уктоочу бөлмөсүнөн табылган", — деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, келиндин жолдошу 34 жашта, жубайлардын ортосунда бир уул, бир кызы болгон. Окуя болгон кезде балдары каникулда таятасынын үйүнө кеткен.

"Ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, келиндин жолдошу сурак берген. Ал келинчеги экөө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкендигин айткан. Мындан улам аялын эки жолу жаакка чаап, жыгылып калгандан кийин каракуш тушка бир жолу тээп жибергендигин айтып берген", — деп жазылат маалыматта.

Үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде үч баланын энеси ур-токмоктон көз жумду. Кылмышка жолдошу шектелүүдө
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү ("Адам өлтүрүү") менен каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Келиндин жолдошу шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0