Көп кабаттуу үйдө дубалдын кыры менен чуркаган наристенин жүрөк титиреткен видеосу

CC0 / Pixabay / Любовь ТенСлучаи выпадов детей из окна
Случаи выпадов детей из окна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энесинин көз жаздымынан чыгып кеткен кыз алгач дубалдын кыры менен терезеден балконго чейин басып барат. Бир нече секунддан кийин кайра артка кайтып, ортодо аз жерден тайгаланып кете жаздайт.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Тенерифе аралында (Испания) туристтер бешинчи көп кабаттуу үйдө дубалдын бери чыгып турган кыры менен чуркаган кичинекей кызды видеого тартып алышкан. Бул тууралуу “Звезда” каналы жазды.

Ата-энесинин көз жаздымынан чыгып кеткен кыз алгач дубалдын кыры менен терезеден балконго чейин басып барат. Бир нече секунддан кийин кайра артка кайтып, ортодо аз жерден тайгаланып кете жаздайт. Акыры бөлмөгө аман-эсен жетип барат.

Маалыматка караганда, бөбөк Финляндиядан келген туристтердин кызы. Ал “сейилдеп” жүргөндө апасы жуунуп жатканы айтылууда. Видеону көргөн полиция наристенин ата-энеси кимдер экенин аныктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0